5-июндан баштап мамлекеттик жана менчик бала бакчалар кайрадан иштеп баштары кабарланган.
Буга байланыштуу бүгүн, 4-июнда республикалык штаб билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мугалим, тарбиячыларына жана ата-энелерге карата эскертме маалыматын таратты.
Ага ылайык, мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна карата медициналык текшерүүдөн өтүшөрү маалымдалат.
"Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды бет кап менен камсыздап, аны туура тагынууну үйрөтүүсү зарыл", - деп жазылат анда.
Шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссия тарабынан төмөнкү долбоорлор даярдалды:
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 менчик бала бакча бар. Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер ишке тартылат.