Англиялык легендарлуу "The Rolling Stones" рок-тобу 8 жылдан кийин "ойгонуп", коронавирус пандемиясына ыр арнады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
8 жылдан бери тыныгууда болгон топтун "Арбактар шаарындагы жашоо" ("Living in a Ghost Town") деп аталган жаңы ыры изоляцияда отурганда жазылган. Топтун солисти Мик Жаггер жаңы чыгармалардын үстүнөн карантинге чейин иштеп башташканын жана арасындагы бир ыр учурда дүйнөдө болуп жаткан окуяга туш келерин айткан. Ошондуктан убакыттан уттурбай ырды клиби менен кошо жарыкка чыгарышкан. Клиптен Лондон шаарынын бош калган көчөлөрү, метролорун көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, "The Rolling Stones" тобу акыркы жолу 2012-жылы "Grrr!" аттуу ырлар жыйнагын чыгарган.