Казакстанда коронавирустун экинчи толкуну май айында башталганы айтылды

Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну май айында башталган. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди деп жазышат казак басылмалары.

"Казакстанда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Биринчи толкундун туу чокусу апрель айынын экинчи жарымына туш келип, андан кийин басаңдаган. Ал эми май айынын ортосунан тарта ооругандардын саны кайрадан өстү. Бул экинчи толкундун башталганы", - деген ал.

Биртановдун айтымында, коронавирус башка вирустук илдеттер сыяктуу эле мезгил-мезгили менен башталып турушу мүмкүн.

Учурда Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны жалпы 12 миң 67 адамга жетсе, анын 6 574ү айыккан. 48 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-06-05 00:20:15
Анда 2-толкуну күчтүү келет экенда.
0
natasha00
2020-06-05 03:02:17
Кайдагы 1 чи 2чи толкуну? Жок эле нерсени ойлоп таба калат. Кудай сактасын эчкандай оору соору жок. Уже тынчып калды.
+3
omurbek1990
2020-06-05 06:39:27
natasha00, Наташа ал эмне дегенин.
0
muras111211
2020-06-05 06:07:29
Кудай сактасын
0
Krai
2020-06-05 06:53:45
Бизде деле азыркы абалды 2- толкун деп айтууга болот бекен? Мурда аздап эле чыгып атты эле солгундап барып кайра көбөйүп кетти го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан