5-сентябрда ырчы Дархандын жаңы клибинин бет ачары болду. Ыр “Сагыныч” деп аталып, сөзү Түмөнбай Байзаковго, обону Съездбек Искеналиевге таандык. Ырчынын айтымында, клип башкалардан айырмаланып графикалуу жана 3D форматында тартылды. “Клипте маанилүү деле сюжет камтылган жок. Бирок сүйүүнүн Кудайы болгон Афродитаны чагылдырганга аракет кылдык”,- деди Дархан.