Биз социалдык тармакта

Жогорку Сот депутаттын "судья 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди" деген сөзү боюнча билдирүү таратты

Жогорку Сот депутат Айсулуу Мамашованын "судья 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди" деген сөзү боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бул кылмыш иши боюнча шектелген жаран үй камагында. Учурда бул иш прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку Соттун өндүрүшүндө жана каралып жатат.

Иликтөө аяктагандан кийин иш сотко өткөн. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "кылмыштын курамы жок" деп шектүүнү актаган. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова сот экспертизалар бар болгонуна карабай, 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2020-06-05 14:03:07
Биздин соттордо уят,намыс деген калбаптыр акча десе көп нерсеге макул боло бергидей.
+8
katerina.li
2020-06-05 14:23:55
Тобоо,он уч жаздагы кызды зордуктаса,кантип уй камагына чыгарат!???
+6
islan_85
2020-06-05 23:54:10
katerina.li,
Ак болсо неге уй камагына камайт актап чыгарбайбы
Окшото албай калдынар бул сапар
0
ilgizk
2020-06-05 14:48:57
Андай айбандарды эл өзү эле жазалаш керек ташбараңга алып ,биздин сот ,сот беле ,акчага сатылган сойкулардай булар .
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан