Орусиянын Эл артисти наамынын ээси, актёр, режиссёр Михаил Кокшенов 83 жашында каза болду. Ал 4-июнда ооруканада көз жумганын маркумдун жубайы ырастаган.
Айрым чет элдик басылмалар актёр коронавирустан дарыланып, ооруканада жаткан деп жазып чыгышты. Инфекциядан улам анын абалы оорлошуп кетип кайтыш болгону айтылууда.
Актёр "Женя, Женечка жана "Катюша", "Спортлото 82", "Ширли-мырли", "Эң сүйкүмдүү жана жагымдуу" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү болгон.