25-март саат 15:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаран катталды. Алардын бири 1960-жылы туулган эркек киши, Бишкек шаарынын тургуну (коронавирус жуктурган жаран менен байланышта болгон), экинчиси – 1985-жылы туулган эркек киши, Чүй облусунун Москва районунун тургуну. Ал Дубайдан келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 жаран аныкталган. Алардын ичинен:
Ош облусунда – 20;
Жалал-Абад облусунда – 19;
Бишкек шаарында – 3;
Чүй облусунда – 1;
Баткен облусунда – 1.