super.kg logo

Кыргыз тарап унааларды Казакстанга караганда тез өткөрүүдө. Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк ташыган унаалардын хронометражы эсептелди

 
«Актилек - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайында Кыргыз Республикасы тарабынан Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам 8 чакырым тыгынга алып келген 500дөн ашык жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлгөн.
Айдоочулардын маалыматы боюнча, чек арада Казакстан Республикасына кирүүдө токтоп туруу убактысы 3-4 сутка болгон. 2020-жылдын 3-июнунда «Актилек - автожол» жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында Кыргыз-Казак тараптын делегацияларынын өкүлдөрүнүн көчмө жыйыны өттү.
Бул кеңешменин жүрүшүндө тараптар «Актилек - автожол» жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысын бир унаа каражатынын мисалында аныкташкан, ошондой эле үч саат ичинде өткөрмө жайлар аркылуу өткөн унаа каражаттарынын саны эсептелген. Эки өлкө тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн хронометражында бир топ айырма чыккан.
Хронометраж көрсөткөндөй, «Актилек - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынан жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысынын узактыгына жана аларды кечиктирүүгө тийиштүү казак тараптын бардык айыптоолору негизсиз. Жүргүзүлгөн хронометраждын жыйынтыктарына ылайык, «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жүк унаалардын өтүүсү кыргыз тарапка салыштырмалуу кыйла узак болуп чыкты. Ошентип кыргыз тарап аркылуу унаа каражаттарын өткөрүү казакстандык жакка караганда тез ишке ашырылууда. Хронометраж боюнча 3 сааттын ичинде Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 61 унаа каражаты чыкса, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына 21 унаа кирген.
Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап унаалардын топтолушуна казакстандык жак күнөөлүү экендигин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти. Хронометраждын жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө макулдашуунун жоболорун бузууларын күбөлөндүрүп турат.
Ошону менен бирге Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы 2020-жылдын 24-январынан бери жабык экендигин билдиребиз. Ошентип казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусу ашыкча. Кыргыз өлкөсү казак тарапты мындай тоскоолдуктарды келтирбөөгө чакырат.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
146894;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: