АКШда бир сутка ичинде 24 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп алган

АКШда акыркы бир сутка ичинде 24 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп алган. Мындай маалымат Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтына жарыяланды.

Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат. Андагы маалыматка ылайык, акыркы бир суткада 24 миң 720 адамдан коронавирус аныкталган. Бул акыркы 2 аптадагы рекорддук көрсөткүч болду. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 921 адамды түздү. АКШда коронавирус катталгандан бери жалпы 1 миллион 800 миң адам бул илдетти жуктуруп алса, 109 миңден ашууну каза болгон. Ал эми 491 миңден ашуун адам айыгып чыккан.

6-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 734 миң 88ге жетти. Алардын арасынан 2 миллион 746 миң 192 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 394 миң 875 адам көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-06-07 00:53:56
Митиңгке чыккандын кесепети тийдида, бири - бирине жугузуп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан