Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишимдик негизде жумушка тартуу иши башталды. Айлык акы 70 миң сомго чейин төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
"Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган", - деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи. "Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот", - деп кошумчалады ал.