Вице-премьер Аида Исмаилова Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев вице-премьерди клиниканын түзүмү жана жабдылышы, стационардык кычкылтек станциясы, бейтаптар үчүн орундар жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмү менен тааныштырды.

Учурда мында коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн 90 орун бөлүнгөн, анын 12си – жандандыруу бөлүмү. Сапардын жүрүшүндө кошумча орундарды түзүү жана анын жалпы санын – 250гө, ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү орундардын санын 45ке жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Медициналык кызматкерлердин саны 480 адамды түзөт. Медициналык кызматкерлер үчүн обсервация катары «Семетей» мейманканасы каралууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан