Биз социалдык тармакта

Жаңы Зеландия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавирустун айынан киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарды

Жаңы Зеландия өлкөсү дүйнөдө биринчилерден болуп коронавирус инфекциясынын айынан киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландияда киргизилген бардык чектөөлөр шейшемби күнү кечинде жокко чыгарылат. Өлкөнүн жашоочулары кайрадан каалаган көлөмдөгү иш-чараларды өткөрүп, транспорттун бардык түрүн колдонушат жана өлкө боюнча саякаттай алышат. Ошол эле учурда бардык ишканаларга иштөөгө уруксат берилет. Ал эми чек ара азырынча ачылбайт.

Премьер-министрдин айтымында, коронавирус инфекциясы өлкөдө кайра катталышы мүмкүн. Бирок азыркы учурда өкмөт экономиканы калыбына келтирүү максатын көздөйт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Жаңы Зеландияда жалпы 1 миң 504 адамдан коронавирус аныкталды. 22 бейтап каза болсо, калганынын бардыгы айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MOTOP
2020-06-08 18:49:05
Бизде качан айыгат, эч бутпой койду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан