Бүгүн, 20-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Анда ага "Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинен коронавирус аныкталгандан кийин депутаттардан вирус чыккан жокпу?", - деген суроо берилди.
Министрдин орун басарынын айтымында, эпидемиологдор депутаттарды тыкыр текшерип жатканын айтты. Ошону менен катар ал депутат Бейшеналы Нурдиновдон башка депутаттардан коронавирус аныкталганы боюнча азырынча маалымат жок экенин айтты.
18-июнда парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы аныкталганы кабарланган. Учурда ал Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.