Кытай экономикалык кризистен чыгуу үчүн бардык өлкөлөрдү биргелешип иштөөгө чакырды

Коронавирус инфекциясынан жапа чеккен бардык өлкөлөр экономикалык кризистен чыгуу үчүн биргелешип иштеши керек. Бул тууралуу Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жыйын учурунда билдирген.

"Кытай башка өлкөлөр менен биргеликте коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө, дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыз кылууга, глобалдык башкарууну өркүндөтүүгө жана эл аралык укуктун негизинде дүйнөлүк тартипти сактоого даяр", - деген премьер-министр.

Анын айтуусу боюнча, коомдук саламаттык жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн бардык өлкөлөр биргелешип иш алып барышы керек. "Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү каатчылыкка, күчтүү экономикалык рецессияга жана башка глобалдык көйгөйлөргө каршы бардык өлкөлөр кызматташуусу керек" деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, 18-майда Кытай коронавирус инфекциясынан жабыркаган өлкөлөргө жардам үчүн 2 миллиард доллар бөлгөн. Бул каражат биринчиден өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылууга жумшалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан