Бишкекте күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, кызматкерге кол көтөргөн айдоочу 2 айга камакка алынды

Бишкекте жол тандабас унаасы менен күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочу 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап чечим чыгарганын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБи айдоочуга "бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.

Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кармалган айдоочу 30 жашта экенин, анын унаасынан тапанча огу менен жана бычак табылганын кошумчалаган.

Айдоочу 6-июнда Токмоктогу посттон кызматкерлер тоскондо токтобой кеткен. Анын артынан кууп барып, Кеминден кармашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
turaliev
2020-06-08 22:01:05
Камабай эле койгулачы Пончикти. Кыргыздардын настроениясын карантинде котордуго кино кылып))) Кино коргондой кордумго чиркин, куло берип жыгылып калдым...
-16
Krai
2020-06-08 22:04:00
turaliev, күлө турган окуя эмес эле да
+12
ALATOOLUK.JIGIT
2020-06-08 23:12:54
turaliev,чегип алып корбо да сен
+9
Kalemkash
2020-06-09 00:31:43
turaliev, Кыргызстанда башаламандык болуп тоок уурдаган тутулуп, пил уурдаган кутулуп атса мээн болсо ыйлабайсынбы. Кулгонундон эле денгээлин билинип турат
+5
Majit1975
2020-06-09 07:17:28
turaliev,азырак чегиш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан