Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 киши 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Көкөмерен дарыясына балык уулоого кетишкен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат аймактык куткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөн.
Учурда аларды издөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.