"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Ал бүгүн, 9-июнда Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу боюнча арыз тапшырды.
"Кыргызстан" партиясынан Бейшеналы Нурдинов деген талапкер Бишкек шаарынан партияга чоң добуш алып берген. Мурда ал кишиге "тизме боюнча кезегиңиз келсе, мен мандатымды тапшырайын" деп айткам. Шайлоого деле аз калды. Даярдык көрөйүн деп жатам.
Азырынча депутаттар ким фракция лидери болорун чечише элек. Канат Исаев лидер болушу мүмкүн", - дейт ал.