Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Дүйнөгө белгилүү футболчунун айылда чөп чаап, койдун жүнүн кыркканы талкууга алынды

Коронавирустук пандемиядан улам күтүүсүз тыныгуу көптөгөн спортчуларды жаңы иш-аракеттерди табууга мажбур кылды. Алсак, Уругвай курамасынын жана франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу, профессионал футболчу Эдинсон Кавани жашыруун таланттарын өзүнүн туулуп өскөн жеринде тапты.

"ПСЖ" футболдук клубунун тарыхындагы мыкты бомбардирлердин бири болгон Кавани туулуп өскөн жеринде чөп чаап, кой кыркып жаткан видеолорун социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Көптөгөн интернет колдонуучулары футболчуну мактоого алышууда.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам футбол боюнча Франция чемпиондугу (Лига 1) мөөнөтүнөн мурда аяктап, "ПСЖ" футболдук клубу чемпион аталган.

Эдинсон Кавани "ПСЖ" футболдук клубунда айына 1 миллион 345 миң евро (113 миллион 329 миң 700 сом) айлык алат.

Эдинсон Каванинин кой кыркып жаткан учуру
Эдинсон Каванинин чөп чаап жаткан учуру
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Belek1710
2020-06-10 15:19:02
Чалгысына тутка керек экен.
+6
suban78
2020-06-10 15:46:27
Чопту убал кылыптыр. Футболун эле тээп журо бербептир, карасанар канча чоп калып кетиптир. Койдун жунун да бут акмагын чыгарган болуш керек. Бечара койлор жайы менен жудоп журот экен да эми.
+9
ilgizk
2020-06-10 18:22:57
suban78,бул жерде таза оруш таза алыш кеп эмес,ушундай адам болгондо биздикилер ,антип алыш эмес жанынада барбайт эле.
+5
turaliev
2020-06-11 01:39:47
ilgizk,Хайп деген нерсе бар
+1
algakaray
2020-06-10 15:47:15
Айына бир миллион уч жуз кырк беш мин евро айлык алат дейт го. Эмне деген акча ээ. Онор, талант деген ушу да.Мен айына 1345 евро алсам суйунот элем. Эки жылда там салып алат элем каалагандай кылып.
+4
Apyn8793
2020-06-10 16:15:35
algakaray, 1345 евро алсан деле сала албайсын уйду. Себеби чыга берет, корой берет
+5
Pepe93
2020-06-10 16:27:19
algakaray,бул не чоп чаап, кой кыркып журду беле, за то аракет кылтат, жон асманды тиктеп жата бербей, биздин эркектер 2 ай бою бир иш кылбай пабж беле ошон ойноп чыгып кетинерго
+20
turaliev
2020-06-11 01:46:13
Pepe93,жардын
+3
Danysh1
2020-06-11 09:12:55
Pepe93,
0
aydinnur
2020-06-10 16:25:22
Чалгысын чынап бериш керек экен,чопту жапырып кетип жатпайбы айее)))
+3
001KG
2020-06-10 17:42:07
Чөптү чаппай эле койбоптур, ит талагандай кылып чала-пула чаап. Чөптү антип чаппайтда ёлый.
+2
Jelezo
2020-06-10 20:21:39
Кой кыркып жүргөн экен бирок чөптү биринчи чаап жаткандай.
+4
Kylychisa
2020-06-10 21:48:51
Анча мынча кыргыз аялдар мындан жакшы жабат чопту)))
+3
jike
2020-06-11 09:32:32
Чапчыбай жакшырак чапсан Кавани
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан