Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнатына келген Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз адамдын жакшы экенин мүрзөсүнө чөп чыкканда мактайт экенбиз дейт.
"Биз жакшы адамдарды көзү тирүүсүндө мактай албайбыз. Качан гана көзү өтүп, мүрзөсүнүн үстүнө гүл өскөндө барктайбыз.
Марат Жанталиев менен "1-кадр" тасмасынан таанышканбыз. Ошондон бери ал мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүрдү. Бизде таланттуу инсандар көп. Өнөр адамдары дүйнөдө болуп жаткан апааттарды жүрөгүнө жакын кабыл алышат. Балким ошондон улам кайтыш болуп кетишет", - деп эскерди.