Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары расмий маалыматка таянуу менен жазышууда.
"Елена Зеленскаянын COVID-19 илдетине каршы тапшырган тестинин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн. Ал эми үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн тести таза чыккан. Учурда Елена Зеленская обочолонуу менен амбулатордук дарыланууда. Өзүн жакшы сезип жатат", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Елена Зеленская коронавирусту качан, кайдан жуктуруп алганы белгисиз.