Рамзан Кадыров 10 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүндө жашаган Чечен жаранын алып кетет

Дээрлик 10 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндөгү карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данга Батиев аттуу Чечен жараны мекенине кайтат. Бул жаатта ага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жардам берет.

Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, Рамзан Кадыров карыя тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматовадан билген.

"Бул тууралуу эми билип жатканыбыз өкүнүчтүү. Чечендер үчүн ата-энесин, улгайып калган туугандарын карылар үйүнө жиберүү жат көрүнүш. Ата-энелерибиздин алдында милдеттерибиз көп. Карыяларыбыз биздин жылдар бою топтолгон байлыгыбыз, акылманыбыз. Биздин милдетибиз аларга кам көрүү.

Мен Данга Батиевди өлкөгө алып келүү боюнча бардык иш-аракеттерди көрүүнү тапшырдым. Батиевдин уулдары, небере, чөбөрөлөрү бар экен. Анын үй-бүлөсү, туугандары узак убакытка чейин издөө салып, расмий жактарга дагы кайрылыптыр. Ал эми Батиев туугандарын издөөгө аракет кылбаптыр. Чеченстандагы согуштук операциялардан кийин туугандарынан тирүү калгандар бар же жок экенин билбегендиктен өлкөгө кайтууну чече албай жүрүптүр. Жакынкы күндөрү биз атайын каттам менен карыяны өлкөгө алып келебиз. Ага бардык медициналык жардам көрсөтүлөт, - деген Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
taalay25
2020-06-13 13:23:33
Данга Батиев тууралуу мен он жыл мурда сюжет тарткам. Карыялар уйундогу кызматкерлердин иш аракетерине ал жерде жашоочуларга кылган мамилесине нааразылылыгвн билдирген. Ал убакта жаш, сакалы кыска, шляпа кийип журчу
+9
Ananaska
2020-06-13 13:44:08
taalay25,сюжетьи кайдан корсок болот?
+7
Mirlan27011987
2020-06-13 13:44:27
Кыргызстанда чечендер толтура, ошолордун баарын эле алып кетпейби.
+16
Mustafo
2020-06-13 22:32:27
Mirlan27011987,чечендер сенин көтүңө кирип атабы
-5
Aimani
2020-06-13 14:17:41
Президент азамат экен. Бир адам үчүн самолёт жиберем дейт
+11
Sogushov
2020-06-13 19:03:09
Aimani,жакшы болсо миндеген чечен турцияда качып журмок беле ал деле хайпажор тиматинин досу да)))))
-1
Samatalibei
2020-06-13 14:46:29
Президент деген ушундай болуш керек уктабай!
+11
001KG
2020-06-13 18:47:23
Крдагы Чечендериңдин баарын топтоп алып кетчи.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан