Ушул жылдын 20-мартынан баштап 14-июнга чейин Орусиянын аймагынан 9 миң 806 Кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Пандемия учурунда Орусиядан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 47 авиакаттам уюштурулду, мындан тышкары Оренбург облусундагы мекендештерди 20 автобус Казакстан аркылуу өлкөгө жеткирди. Кыргыз жарандары Орусиянын Москва, Краснодар, Новосибирск, Екатеринбург, Сургут, Санкт-Петербург, Курган жана башка шаарларынан жөнөтүлүп жатты", - деп жазылат маалыматта.
Соль-Илецк шаарынан 10 автобус менен 541 мекендештер, Бузулук шаарынан 413 адам 9 автобус менен, Кургандан 36 жаран 1 автобус менен өлкөгө жөнөтүлгөн.
"Элчилик тараптан дүйнөнүн башка мамлекеттеринен кайтып жаткан жарандарыбызга да жардам көрсөтүлдү. Мисалы: Кытай, АКШ, Доминика Республикасы, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыш, Таиланд, Вьетнам жана башка мамлекеттерден келген жарандарыбызды Орусия аркылуу мекенге жөнөтүп жаттык.
Мекендештерди өлкөгө кайтарууда адегенде калктын аярлуу катмарлары эске алынып жатты. Кош бойлуулар, балалуу аялдар, улгайгандар жана ооруп дарылануу үчүн келгендер биринчи кезекке коюлду. 14-июндан баштап элчиликке, чалуу-борборуна чалгандардын кезеги түзүлүп, анын негизинде каттам уюштуруу колго алынууда. Бүгүнкү күндө элчиликке жалпы 7 миң адам кайрылды, анын баарын бир убакта кайтарууга мүмкүнчүлүк жок. Элчилик мекендештерибизди түшүнүүгө жана сабырдуулукка чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мекеме алдыда мекендештерди авиакаттамдар аркылуу өлкөгө жөнөтүү иштери улантыла тургандыгын белгилеп, бул аракеттердин ишке ашышына көмөк көрсөтүп жаткан Орусиянын бийлигине ыраазычылыгын билдирген.