"Атаман" каймана аты менен белгилүү болгон мушкер Рафаэль Физиев кезектеги беттеши 18-июлда БАЭ өлкөсүнүн борбору Абу-Даби шаарында өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун сайтына жарыяланды.
27 жаштагы Рафаэль Физиевдин атаандашы англиялык 27 жаштагы мушкер Марк Диакези болмокчу. Эки мушкердин беттеши 70 килограммга чейинки салмак ченинде өтөт.
Рафаэль Физиев UFC уюмунда жалпы эки беттеш өткөргөн. Былтыр апрель айында Санкт-Петербург шаарында өткөн "UFC on ESPN+ 7" турниринде орусиялык Магомед Мустафаевге техникалык нокаут менен жеңилип калган. Ал эми 26-октябрда америкалык мушкер Алекс Уайтты жеңип, UFC уюмундагы алгачкы жеңишине ээ болгон.
Марк Диакези өзүнүн карьерасында жалпы 17 беттеш өткөргөн. Анын 14үндө жеңүүчү аталса, 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.