Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму уланууда.
Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв билдиргендей, отурум жабык өтүүдө.
"Процесстин биринчи бөлүгүндө айыпталып жаткандардын бири Рыспек Карыпбек уулунун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу отурум түштөн кийинки убакка жылдырылды", - дейт жактоочу.
Маалым болгондой, буга чейин 8-июнда белгиленген соттук отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылган.
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.