Оштун белгилүү "Алай" футболдук клубунун оюнчулары клубдун жетекчилигине нааразычылыктарын билдиришип, жетекчиликтеги бир-эки адамдын кызматтан кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсаттаров билдирди.
"Бүгүн, 16-июнда Ош шаарынын мэри "Алай" футболдук клубунун оюнчуларын кабыл алды. Бул жолугушууга футболчулар гана катышты. Клубдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышкан жок. Жолугушууда ачык пикир алышуу болду. Футболчулар клубдагы кемчиликтерди айтышты. Тактап айтканда, алар эки жарым айдан бери маяналарын ала албай жаткандыгын, түзүлгөн шарттарга бир аз нааразычылыктарын жана клубдун жетекчилигинен бир-эки кишини алмаштырып берүү талаптарын койду. Шаарыбыздын мэри бул көйгөйлөрдү биринчи жолу уккандыгын айтып, аларга айлык боюнча маселеси чечиле тургандыгын айтты.
Былтыр мэрдин демилгеси менен стадион жаңыланган. Мындан тышкары мэр быйыл клубдагы легионер оюнчуларга шарт түзүлүп бериле тургандыгын айтты. Ал эми алар нааразы болуп жаткан жетекчилерине атайын комиссия түзүлө турган болду. Ошол комиссиянын жыйынтыгына жараша чечим чыгарылат", - деди Абсаттаров.
"Алай" футболдук клубу 1960-жылы негизделген. Клуб өз тарыхында 4 жолу өлкө чемпиондугун жана 1 жолу өлкө Кубогун жеңип алган. Былтыркы жылы "Алай" клубу Кыргыз Премьер-Лигасында күмүш байгеге ээ болгон.