Чек арадан 50 миң даана норка жана ондатр терилерин ташып бараткандар кармалышты

"Ак-Тилек" өткөрмө пунктунан ири көлөмдөгү норка жана ондатр терилерин алып бара жаткандар кармалышты. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган пункттан чарба буюмдарын тийиштүү документтери жок ташып бара жаткан "Scania" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүүдө андан ондатр менен норканын терилери салынган каптар табылган.

"Териси баалуу жаныбарлардын жалпы саны 50 миң даана экени аныкталган. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында 500 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2020-06-16 18:44:02
Ошончо ондатранын терисин кантип каяктан тапты экен
+3
Jelezo
2020-06-16 18:49:25
Контра банда Кытайданда
+1
toktor89
2020-06-16 21:07:06
Кучтуу кетишиптир гоо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан