Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен ажырашканын, ага үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айткан. Ырчы менен жолдошу ушул жылдын январь айында ажырашкан. Бирок эки башка жолго түшсө дагы ырчыга жолдошу тарабынан коркутуулар болуп, тынч жашоо бербей жатканы Арунова тарабынан белгилүү болгон.
Бүгүн, 17-июнда Ленин райондук сотунда ырчынын жазган арызынын негизинде соттук отурум болмок. Бирок айыпталуучу тараптын жактоочусу келбегендигине байланыштуу соттук отурум 29-июнга жылдырылды.
Ырчынын айтымында, анын ата-энесине дагы жолдошу тарабынан коркутуулар болгон. "Бул адам тарабынан жасалган коркутуулар дагы деле болуп жатат. Акыркы жолу эки күн мурда болду. Азыр айтууга мажбурмун, курсактагы балам 3 айлык кезинде жолдошум ичиме тээп, баланы алдыртасың деген", - дейт ырчы.
Ал эми ырчынын мурдагы жолдошу Эрнис Турсунов: "Мен Бурул менен жашайм, эки жолго түшүп кетпейли деп эркек катары аракеттерди көргөм. Ал эми коркутуулар болуп жатат деген боюнча айтсам, тескерисинче мага коркутуу болгон. Мен Бурулдун деңгээлине түшпөй эле коёюн деп турам. Бурул, анын ата-энеси дагы жакшы адамдар. Бирок эмнеге мындай ишке барып жатканын билбейм, балким, пиар кылып жатат. Мен баланы алдыртуусун каалабайм, тескерисинче менин балам менен болгон мамилемди үзбө деп айткам", - дейт ал.
Бурул Арунованын жазган арызы Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин "үй-бүлөдөгү зомбулук" негизинде иштен өтүп жатканын анын жактоочусу билдирди.