Кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жаткан ырчы Малик Аликеев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылганы кабарланган.
Учурда ал тиешелүү медициналык кароодон өтүүдө. Эгерде кароонун жыйынтыгы жакшы деп чыкса, анда жамбаш сөөгүнө операция жасалары күтүлүүдө. "Төшөктө жатып калгандан кийин элдин деми чыйралтып, колума комузумду алганга түрткү болду", - деген ырчы SUPER TV каналына курган маекте.
"Менин төшөктө жатып калганым коомчулукка тарап кеткенден кийин ар тараптуу жардамдар боло баштады. Элден айланса болот. Чыгармачылыктагы кесиптештерим дагы абдан чоң жардам беришти. Мен ооруп калгандан кийин айылда жарым жыл болдум. Бул аралыкта мени апам жана эжем карап жатышты. Апамдын мага көрсөтпөй ыйлап алган күндөрү да болду. Борборго келерде дагы апам кабатыр болуп мени менен чогуу келди", - дейт ал.