Бүгүн, 18-июнда Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык иштер боюнча соттук отурум өттү. Анда процессуалдык меселелерди тактоо иштери талкууланды. Отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго мамлекеттик жактоочу бекитилгени маалым болду. Исаковду сотто жактоо үчүн чакырылган жактоочу Тимур Карабаев жактоочу Замир Жоошев менен жолукканын билдирди. "Жоошев мурдагы өкмөт башчыга жактоочулук кылуудан баш тарткан эмес экен. Мен ишке киришерден мурун жакталуучунун өзүнүн макулдугун билсек болмок", - деди Карабаев. Жактоочу эки тараптын макулдашуусу жана кызматташуудан расмий баш тартуусу жок ишке кирише албастыгын билдирди. Мындан тышкары процесске катышып жаткан башка жактоочулар дагы Сапар Исаковдун кат жүзүндөгү макулдугу керектигин кошумчалашты. Сапар Исаковду жактоо үчүн жөнөтүлгөн жактоочу иштен баш тартып жаткандыгына байланыштуу сот процесси 22-июнга жылдырылды.
Бул мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго жактоочулук кылуудан баш тартып жаткан экинчи мамлекеттик жактоочу. Кечээ, 17-июнда дагы ушундай жүйө менен сот процесси жылдырылган. Анда юрист Бактыбек Жумашев эмне себептен ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан айыпталуучунун бирине мамлекеттик жактоочу сунушталып жатканын түшүндүрүп берген.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге барган деген айып менен өтүп жаткандар: мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов.