Ырчы Жылдыз Тутуева “Алдейлеп” аттуу ыр жаздырды. Сөзү, обону Бактияр Токторовго таандык болгон жаңы чыгарма шаңдуу ырлардын катарын толуктайт. “Ыр жаштарга, бийлегенге
ылайыктуу. Бул бир гана менин эмес, сүйүүгө кабылган көп адамдын жүрөгүнөн
орун алса керек. Ырда сүйүүнү барктоо керектиги тууралуу айтылат”,- деди ырчы.
Ошондой эле Тутуева жакынкы аралыкта клип тартыларын белгиледи.