Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу коронавирус боюнча 118 кызматына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"COVID-19 боюнча 118 кызматына нааразычылыгым бар. Телефондон сылык жооп бергениңиздер менен эки күндөн бери менин үй-бүлөмдөн тест албай жатасыздар", - деп жазды Нуракун уулу.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов бул маселе кечээ штабда талкууланганын билдирди. "Буюрса, эртеңден баштап кайра калыбына келет. Бул маселе премьер-министрдин көзөмөлүндө", - деп жооп берди.
18-июнда парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы аныкталганы кабарланган. Учурда ал Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.
Буга чейин дагы коомчулукта 118 кызматы сындалып жаткан.