Коңшу Өзбекстанда коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Аталган өлкөдө бир бир сутка ичинде 191 адамдан вирус аныкталган. Муну менен жалпы 6 миң 216 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Бул жөнүндө өзбекстандык маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Өзбекстанда илдет аныкталгандан, тактап айтканда, 15-марттан тарта жалпы 6 миң 216 адам жугуштуу вируска кабылган. Алардын ичинен 4 миң 290 бейтап оорудан айыкса, 19 жаран көз жумган. Учурда 1 миң 907 жаран дарыланууда деп айтылат маалыматта.