"Ошто 25-марттан бери такталбаган маалымат тараткан 3 жаран кармалган" дейт комендант

Бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынын берди.

Анда комендантка "Такталбаган маалыматтарды таратуу боюнча канча жаран кармалды, аларга кандай чара көрүлдү?" деген суроо узатылды.

"25-марттан бери такталбаган маалымат тараткан делген 3 жаран кармалган. Алар "коронавирус жок, жөн эле отурабыз" деген маңыздагы маалымат таратышкан. Бул жарандарга карата административдик протокол түзүлүп жана эскертүү берилген. Эгер алар дагы бир жолу ушундай иш-аракеттер менен кармалса, анда берене менен иш козголмок. Бул учурлардан тышкары мындай туура эмес маалымат тараткандар катталган жок", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан