Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү коңшу Кытайга жетти

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү коңшу Кытайдын Шанхай шаарында катталды. Бул тууралуу чет элдик баылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы вирус Улуу Британиядан Шанхайга келген 23 жаштагы студент кыздан табылган. Ошол эле учурда студент кыздан кетерден эки күн мурун тапшырган тестинин жыйынтыгы терс натыйжа көрсөткөн.

Студент кыздан аныкталган вирустун анализдерин изилдөөнүн жүрүшүндө, штамм Улуу Британияда октябрь айында катталган вирус менен бирдей экендиги белгилүү болду.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umar7
2021-01-02 13:30:31
Жалгандарыңа ишенбей калдык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан