Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарабыз деп 7 окуучу каза болду

Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарууга аракет кылган 7 окуучу каза болду. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-июнда Туннань уездинин Мисьнь калктуу конушунда орун алган. Жергиликтүү бийлик органдарына Фуцзян дарыясына окуучу түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө жана куткаруу иши дароо башталып, жалпы 200дөн ашуун адам тартылган. Бирок куткаруучулар 8 окуучунун жансыз денесин дарыядан алып чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, бардык балдар жергиликтүү мектептин баштапкы классынын окуучулары болгон. Эс алуу күнү алар дарыянын жээгине ойногону кетишкен. Алардын бири кокусунан дарыяга кулап кеткенде калган 7 окуучу аны куткарууга аракет кылып жатып, алар да суудан чыга албай калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2020-06-22 11:02:12
Кытайлар сууга чокпойт деп калышчу эле го.
-7
urmat94
2020-06-22 12:57:46
bond02,д.....б болбочу ким айтты чокпойт деп чыныгы достор экен. Жаткан жери жайлуу болсун чыныгы жашоодо да дос болуп калышсын
+2
bond02
2020-06-22 14:41:31
urmat94,сен да чогуп кет.
-4
-BOSS-
2020-06-22 14:01:33
bond02, Кытайлар сууда чөкпөгүдөй жыгачтан жасалыппы?
+7
Senator
2020-06-22 14:09:53
Не болсода Ким болсода жаман иш болуптур,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан