Улуу Британияда ак куу анын жумурткаларын өспүрүм балдар кыш менен жарып салгандан кийин өлүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда айтылгандай, окуя кечээ, 21-июнда Манчестерде болгон. Жолдон өтүп бара жаткан адамдар өспүрүм балдар ак куунун уясына кыштарды ыргытып жатышкандыгын көрүшкөн. Ал учурда ак куу эне уясынын жанында жок болгон. Качан гана ак куу уясындагы жанчылып жаткан жумурткаларын көргөндө "жүрөгү жараланып" өлүп калган.
Анын өлүп жатканын кийинчерээк окуя болгон жерге келген активисттер көргөн. Маалыматка караганда, 6 жумуртканын 3өө жанчылып, 2 жумурткадан жарака кетсе, 1и бүтүн болгон. Жаныбарларды коргоочулардын айтымында, ак куулардын жашоосунда кайгылуу учур болсо, алар өлүп калышат. Ошондой эле алардын түгөйү өлүп калса, экинчиси да өлүмгө дуушар болот.