"Түрктөрдүн белгилүү "Эртугрул" сериалында ат үстүндө жаа аткан жоокерлердин ролун кыргыз жигиттери жараткан". Вандык кыргыз менен маек

Учурда кино индустриясында түрк сериалдары салмактуу орунду ээлеп келе жатат. 2011-жылдан бери эфирден кетип, кенен аудиторияга тараган "Даңазалуу доор" сериалы дүйнө элинин түрк маданияты менен тарыхына кызыгуусун жаратты.

Учурда дүйнөнүн 50 мамлекетинде көрсөтүлүп, эң мыкты сериал наамын алган "Эртугрул" тарыхый сериалына вандык кыргыздар дагы тартылганы кубандырат. SUPER.KG порталы тарыхый сериал, Түркиядагы кыргыздар, алардын карантин маалындагы абалы тууралуу маалымат алуу үчүн Анкара шаарында жашап жаткан "Улуу Памир даанышмандык уюму" ("ULUPAMİR ORGANİZASYON DANİSMANLİK REKLAM TARİM GİDA İTHALAT İHRACAT LTD.ŞTİ") фирмасынын башчысы Бүнйамин Токерди маекке тартты.

- Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз. Түркияда канча жылдан бери жашап келесиз?

- Атым Бүнйамин Токер. 1978-жылы Памирде төрөлгөм. Афган-Орус согушу башталганда, Памирдеги кыргыздардын айрымдары бул жакка көчүп келишкен. Согуш 1979-жылы башталса, биз Түркияга 1982-жылы келгенбиз. Ал жылдары бизди баштап келген Абдырахман ханга борбор жактан жер берели деген сунуш болгон экен. Бирок ал элинин каада-салтын, тилин сактап калуу максатында чет жактагы райондордун биринен, тагыраагы Ван районуна караштуу аймактан жер алып, өзүнчө обочолонгон жакка элин отурукташтырган. Учурдагы вандык кыргыздар жайгашкан жер Улуу Памир деп аталат. Азыр аябай эле чоң айыл болуп калды. Ванда 600 түтүн үй, 5 миңге жакын кыргыз жашайт. Кээ бирлери бул жактан Түркиянын башка аймактарына, шаарларына көчүп кетишкен. Мен өзүм Анкара шаарында жашайм, бул жерде "Улуу Памир даанышмандык уюму" фирмасынын ээсимин. Биз ар кандай маданий-спорттук иш-чараларды уюштуруу менен алек болобуз. Этно фестивалдарды, ат оюндарын өткөрүп турабыз.

- Учурда мекендештердин абалы кандай? Карантин маалында кыйынчылыктар болгон жокпу?

- Кудайга шүгүр, бул жактагы мекендештердин абалы жакшы. Карантин маалында Кыргыз өлкөсүнөн бул жакка келип, кайта албай калгандардын жарымына элчилик көмөктөшүп, өлкөгө кайтышты. Алардын арасынан ооруга кабылгандарын уккан жокпуз. Ал эми түркиялык кыргыздардын ичинен вирусту 7 адам жуктуруп алганын билдик. Бирок алардын оорусу жеңил өтүп, 15-20 күндөй мамлекет тарабынан дарыланышты. 7 адамдын арасынан төртөө жаштар, калгандары орто жаштагы кыргыздар болду.

- Белгилүү түрк сериалы "Эртугрулда" кыргыздардын боз үйлөрү тартылган деп уктук, ошол тууралуу айтып бере аласызбы?

- Белгилүү түрк сериалы "Эртугрул" 2010-жылы тартыла баштаган. Ошол сериалдын башатында жардам бергендердин арасында биздин вандык кыргыздар дагы турган. Себеби ал жерде тартылган боз үйлөр Кыргыз өлкөсүнөн алып келинген. Сериал башталгыча эле Кыргыз өлкөсү 120дай боз үй жөнөткөн. Кийин тартуучу топ боз үйлөрдү тигип берүү үчүн вандык кыргыздарды жардамга чакырган. Вандыктар ал жерде чоң иш бүтүрүшкөн, сериалдын негизги декорацияларынын бири боз үй болгондуктан, аны тигип гана бербестен, оймо-чийме, жасалгаларынан бери жасашкан. Өздөрүнүн ой-пикирин дагы билдиришкен. Сериалда биздин кыргыз жигиттери актёр катары ойноп, роль дагы жаратышкан. Көбүнчө вандык кыргыздар жаа атып, ат минип, жоокерлердин ролунда болушкан. Кийин сериалдын рейтинги жогорулай баштаганда, тартуучу топ тарых менен маданияттын төп келишине көп көңүл бурбай калды. Алсак кыргыз боз үйлөрү темир боз үйлөргө алмаштырылды. Сериалды көрүп жаткандар Осмон империясынын маалында темир боз үйлөр болгон дегенге ишенип калат да. "Эртугрул" дүйнөнүн 50 мамлекетинде көрсөтүлөт экен. Андыктан тарыхый сериал болгондон кийин деталдарга кылдаттык менен мамиле жасалыш керек эле деп ойлойм. Сериалдын биринчи бөлүгүн тартып жатышканда, катуу шамал болуп, вандыктардын тиккен боз үйлөрүнүн айрымдары сынып калыптыр. Бул да болсо аны жакшы карабай койгондон болду деп ойлойм. Эми сериалдын биринчи бөлүгү аяктап, "Осмон империясы" деген аталышта уландысы тартылып жатат. Анда вандык кыргыз жигиттеринен тышкары, биздин кыздар дагы тартылып жатканын уктук. Негизи эле биздин жаштар Түркияда жакшы билим алышып, жакшы кесиптин ээлери болуп келе жатканын кошумчалап кетким келет. Арасында жактоочулар, инженерлер, дарыгерлер бар.

- Бүнйамин агай, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат! Ар дайым кыргыз маданиятынын, каада-салтынын өркүндөшүнө салым кошуп жүрө беришиңизге тилектешпиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jalguzum
2020-06-23 08:45:03
Эмнеге бересинер боз уйлорду
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-06-23 09:07:19
Туркияга президент алмашкандыгы тууралуу маалымат жете элекго дагы деле Атамбаевдин сүрөтү турат.
-1
nuri9999
2020-06-23 11:40:16
Alixan-Nookat.2015, Оббоо эми мумкун эски суроттур.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан