Телеалпаруучу, тамада Максат Довранов сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Азырынча сүйүктүүм тууралуу айрым маалыматтар сыр бойдон калсын деген ырчы буларга токтолду.
"Сүйүктүүмдүн жашы 20да. Ал тууралуу кеңири маалыматтарды жакынкы күндөрү айтам. Буюрса, карантин алынса үйлөнөбүз. Тоюбузду күз мезгилине пландап жатабыз", - деди ал.
Буга чейин телеалпаруучу SUPER TV`нын "Обу жок 30 суроо" долбоорунда жакында үйлөнөрүн айткан.