Кой-Таш окуясы боюнча сотто Кодуранова, Жолдубаева, Мискенбаевге карата айыптоо актылары угузулду

Бүгүн, 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардан парламент депутаты Асел Кодурановага, СДПК партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаевага, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге жана мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге карата мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айыптоо актылары угузулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук териштирүү 2020-жылдын 29-июнь күнү саат 10:00гө жылдырылганы айтылды.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2020-06-22 19:17:43
Башкасын билбейм бирок Канат Сагынбаев толук акталып чыгыш керек !!!
+3
rafo80
2020-06-22 23:12:38
Карамушкинаны дагы жоопко тарткыла, ал да эң активдүү катышуучулардын бири.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан