"Алай" футболдук клубунун оюнчулары айлык маяналарын алышты

Оштун "Алай" футболдук клубу айлык маяналарын толугу менен алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсаттаров билдирди.

"Клубдун оюнчуларына айлык маянасы толугу менен берилди. Айлык маяналарынын кечиктирилиши өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу болгон экен. "Алай" клубунун оюнчулары бүгүнкү күндө толук курамда машыгууларын улантып жатышат. Ал эми футболчулардын клубдун жетекчилигине болгон нааразычылыгы боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат", - деди Абсаттаров.

Эске салсак, 16-июнда "Алай" футболдук клубунун оюнчулары Ош шаарынын мэри менен болгон жолугушууда айлык маяналарын ала электигин жана клубдун жетекчилигинен бир-эки кишиге нааразы экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан