Кечээ социалдык тармактын колдонуучулары Орусиянын президенти Владимир Путиндин СССРдин курамына кирген өлкөлөр андан чыгып жатканда, орус улутунун жерин белекке алып кетишкен деген таризде айткан сөзүн сынга алышкан болчу. Путин мындай сөздү "Россия 1" телеканалына берген интервьюсунда айткан.
Талкууга алынган билдирүү боюнча Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрмө таратты. Түшүндүрмөдө Песков "Орусиянын коңшу мамлекеттерге аймактык нааразычылыгы жок" деген.
"Ал белек жөнүндө айткан эмес. Ал жалпы эле жагдайларда каралбай калган Баш мыйзамдагы системдүү кетирилген катачылыктар жөнүндө айткан. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр СССРдин Конституциясында кетирилген катачылыктарды жоюу үчүн керектигин белгилеген", - дейт Песков.
Интервьюда Путин: "...Бирок биздин суверенитетке байланышкан нерсени айтсам, СССРди курууда келишимде андан чыгуу укугу тууралуу жазылган. Бирок чыгуу процесстери жазылбагандыктан суроо жаралат. Эгерде кайсы бир республика СССРдин курамына кирсе, бирок өзүнө салттуу Орусиянын тарыхый аймагын, Орусиянын ири аянттагы жерин алса, андан кийин бул Союздан чыгууну чечсе, өздөрү эмне менен келсе, ошол менен кетишпейт беле. Өздөрү менен кошо орус элинин белегин алып кетпей", - деген.
Ошол эле учурда Орусиянын президенти кайсы республика тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.