АКШнын президенти Дональд Трамп 22-июнда чет өлкөлүк жарандарга АКШда 2020-жылдын аягына чейин иштөөгө уруксат берген визалардын айрым түрлөрүн токтотуу тууралуу буйрукка кол койду. Мындай чечим коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам жумушсуз калган америкалыктарды жумуш орду менен камсыздоо үчүн кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган чектөөгө жогорку квалификациялуу адистерге бериле турган визанын H1-B түрү, башка өлкөлөрдөгү фирмаларда иштеген кызматкерлерди АКШга которууда колдонулуучу визанын L-1 түрү жана сезондук жумуштарда иштегендерге берилүүчү визанын H-2B түрү кирет. Тыюу салынып жаткан визанын катарында J категориясы дагы бар. Бул виза маданият жана тажрыйба алмашуу программаларында иштеген кызматкерлерге таандык.
Мындан тышкары Дональд Трамп АКШга грин-карта программасы менен келгендерге дагы чектөө киргизүүнү ушул жылдын аягына чейин узарткан.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай чектөө америкалыктарды жарым миллиондук иш орду менен камсыз кылат. Ал эми Трамп визага байланыштуу чечим элди бактылуу кылат деген ишенимде.