Орундукта угармандар эмес, гүлдөр! Барселонадагы опера театрында сиз өмүрү көрө элек концерт өттү

Испаниянын Барселона шаарындагы "Лисео" опера театры пандемияга байланыштуу үч айлык карантинден кийин 22-июнда ачылды. Ачылгандан кийин театр кызматкерлери биринчи эле 2 миң 292 өсүмдүктөргө концерт койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, театр кызматкерлери көрүүчүлөр жайгашчу орундуктарга гүлдөрдү коюшкан. Концерттин жүрүшүндө аталган театрдын квартети Жаккомо Пуччининин «Хризантемалар» аталышындагы чакан чыгармасын ойношкон. Театр мындай белгинин жардамы менен адамдардын жаратылышка болгон мамилесин көрсө болот деп эсептеген. Концерт аяктаган соң көрүүчүлөр залындагы гүлдөрдү медицина кызматкерлерине белекке беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан