Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн мекендештерге кайрылып, чек аралар жабык экенин эскертти

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусиянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына дагы бир жолу кайрылып, Орус-Казак чек арасына өтпөөгө чакырды. Эпидемиологиялык абал турукташмайынча чек аралар жарандардын транзиттик кыймылы үчүн жабык бойдон калат дешти министрликтен.

Маалым болгондой, бир катар кыргыздар жеке адамдардын чакыруулары аркылуу Орус-Казак чек арасына жөнөп кетишкен.

"Учурда алар Орусиянын Саратов, Самара жана Оренбург облустарында калышып, турмуштук оор кырдаалга туш болушту. Мекендештер буга чейинки сунуштарды аткарган эмес.

Бул маселе азыркы тапта өкмөттүн жана республикалык штабдын көзөмөлүндө. Мекендештерге тиешелүү жардамдарды көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alishsapan
2020-06-23 21:14:28
Шайлоого жакын ачылат чек ара сентябрьда
+1
Shekeev969798
2020-06-23 21:46:10
Ушул тышкы иштер министри тажрыйбасы жок эле министр болуп калган чет оклодо окуп келип! Тышкы иштерди чече албай журот, Тажик менен чыр болду башын кумга салды озбектер жер талашты оозуна нас салып отурду эми болсо Озубуздун кыргыздарга Кыйын болот Кекетип, Тезинен иштен бошотуш керек
+5
Nourlan
2020-06-25 00:52:41
Shekeev969798,Чет өлкөдө окуп келген эмес.
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-06-23 22:35:11
Эми ойгондубу ТИМ? Жабылганына 3ай болду го, болбой эле киргизип жатышты. 3500 covid чыккандан кийин жабык дегендин не кереги бар?
0
Krai
2020-06-23 23:11:08
TIMON_BERKOWITZ,ошону эскертип жатат. Дагы кээ бир алдар көсөлөр жок жерден фейк маалыматтарды таркатып жатышат. Жол ачылды дешип ошолорго ишенип жолдо калбагыла деп эскертип жатышат.
+2
alishsapan
2020-06-24 02:16:22
Nurbek11 сен өзүң кандай адам экениңди өзүң сүйлөгөн сөзүңдөн билинип эле турат сага жаман сөздөрдү айтып сенин деңгээлине түшкүм келбейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан