Индонезия AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотот

Индонезияда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык Индонезия алган 1 миллион 100 миң вакцинаны колдонуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунушу чыкканга чейин токтотулат.

Алдын алуу чарасы катары ДССУнун сунушун күтүп жатканын жана сунуш министрлер аралык комитеттин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кароосуна жиберилерин, алар AstraZeneca вакцинасы бүткүл өлкө боюнча эмдөө үчүн качан колдонуларын чечишерин билдирди.
AstraZeneca дарысы менен эмделгенден кийин тромбоздун коркунучу жогорулагандыгы жөнүндө билдирүүлөрдөн кийин, аны колдонууну токтотулган.

Ошондой эле Германия, Италия, Франция, Дания, Ирландия, Исландия, Румыния, Болгария жана Нидерланды AstraZeneca вакцинасын колдонуу токтотулгандыгы маалымдады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан