Коронавирустун адамдан мышыкка жукканы Бельгияда катталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазышууда. Ага ылайык, Льеж шаарындагы ветеринарлар мышыкка бул оору кожойкесинен жуккан деп аныкташкан.
Бельгиянын коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн штабынын башчысы Эмманиэль Андре үйдө жаныбарлары барларды аларга карата да бардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган.
"Бирок жаныбарлар бул ооруну башкаларга да жуктурат деп божомолдоого негиз жок", - деген ал.
Март айында аталган вирус Гонконгдо иттен табылган болчу. Аны дарылап, үйүнө чыгарышкандан кийин ал өлүп калган. 23-мартта кайрадан эле Гонконгдо кожоюну коронавирус менен ооруган эки ит бул ооруга шектелген. Алардан анализ алышканда биринен вирус табылган эмес. Ал эми ооруну жуктуруп алган ит дарылоого алынган. Ветеринарлар да коронавирусту жуктуруп алган жаныбар аны адамга жуктурбайт деген бүтүмгө келишүүдө.