АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөгө кеңири кучагын жайган коронавирус инфекциясын "Ухан" же "кунг-флю" деп атоону сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Дональд Трамп кечээ, 23-июнда Аризона штатында шайлоо алдындагы митингде сөз сүйлөп жатып, коронавирус инфекциясын башкача атоону сунуштаган. "Бизде эпидемияга чейин баары жакшы болчу, эпидемиядан кийин да баары жакшы болот. Айрым адамдар COVID-19 деген эмне экенин түшүндүрүп бере алышпайт. Мен бул инфекцияга 19-20 атты айта алам. "Ухан" дегени эсте каларлык болду, "кунг-флю" десе да болчудай (flu англисчеде - сасык тумоо). Айрымдары бул вирусту кытай сасык тумоосу деп дагы аташат", - деген Дональд Трамп.
Дональд Трамп коронавирус инфекциясынын дүйнөгө тарап кетишине Кытай өлкөсүн күнөөлөп, жоопкерчиликти алышы керектигин айтып келет. Ошондой эле компенсация төлөөгө милдеттендирүүгө убада берген. Ал эми Кытай тарап бул айыпты четке кагып келет. Дүйнөлүк анын ичинде америкалык окумуштуулардын көпчүлүгү бул вирус жасалма түрдө жасалган деген версияны четке кагышкан.