Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 25 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде айтты. Сутка ичинде оору аныкталган ак халатчандардын ичинен:
• Бишкек шаары – 8;
• Чүй облусунда – 5;
• Ош шаары– 5;
• Ош облусунда – 4;
• Нарын облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 629 медкызматкерлерге коюлган. Анын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.