Бүгүн, 24-июнда коронавирус боюнча өлкөдөгү абалды айтып жаткан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев элди жөнсүз көчөгө чыкпоого чакырды. Ал акыркы аптада өлкө аймагында коронавирус аныкталгандардын саны кескин түрдө өсүп кеткенин белгиледи.
"Мен жарандарды бардык санитардык нормаларды сактоого чакырат элем. Азыр караңыздарчы, транспортто толтура эл бет капсыз жүрөт. Жарандар себепсиз эле көчөдө жүрүшөт. Биз бул ооруну жайылтпаш үчүн карантиндин башында кармаган бардык нормаларды сакташыбыз керек. Учурда бул абалга байланыштуу алгоритмди өзгөртүп, түрдүү аракеттерди көрүп жатабыз", - деди Каратаев.