Социалдык тармакта бир унаа толгон гүлдү Ысык-Көл облустук ооруканасында чыкпай иштеп жаткан дарыгерлерге белек кылган мырзанын видеосу тарады. Видеодо кучак толо гүл кармаган жаран "Ысык-Көл облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеген дарыгерлерге гүлдү алып барабыз. Алар 15-марттан бери ооруканадан чыкпай иштеп келишет. Аларды үйлөрүнө жөнөтпөй жатышат. Ошондуктан алардын эмгеги үчүн белек кылабыз", - деген. Маалыматка караганда, дарыгерлерге гүл тараткан мырза Каракол шаарынын тургуну Пётр Анохин.
Эскерте кетсек, өлкө аймагында коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Каракол шаарында вирусту алдын алуу үчүн 21-марттан тартып убактылуу чектөөлөр киргизилген.